Улуттук стратегия алкагында наркы 3,13 млрд долларлык 16 долбоор ишке ашат

Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жакынкы аралыкта наркы 3,13 млрд долларга бааланган кен иштетүүчү 16 долбоор ишке кирет. Бул тууралуу стратегиянын жаңыланган түрүндө айтылат. Аны президент бүгүн, 14-январда, Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңешине тааныштырат.

Документте белгиленгендей, 2013-жылы Кыргызстанда ""Жерүй" (алтындын кору 100 тонна), "Талды-Булак" (30 тонна), "Трудовое" жана "Кеңсуу" (калай – 148 миң тонна, вольфрам – 95 миң тонна) долбоорлору ишке кирет.

Ошондой эле Кумтөр долбоору да өз ишин улантат.

2014-жылы Талды-Булак сол жээги, Бозымчак, Куру-Тегерек, Тереккан, Терек, Перевольное, Тоголок, Жангарт, Ширалжын, Зардалек, Туюк-Каргаша, Кара-Кече жана Сүлүктү кендери да ишке кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД