Мэрия: Баатырлар аллеясына жарыкты кытай компаниясы бекер орнотот

Бишкек мэриясы Жаштар Гвардиясынын тышкы жарык берүү системасын реставрация кылуу тууралуу кытай инвесторлору менен сүйлөштү. Бул тууралуу вице-мэр Вячеслав Красиенко билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү дизайн-долбоорду даярдап койгон кытай компаниясы менен макулдашуу бар. Ал жакта жарык берүү гана долбоору камтылган.

"Маалым болгондой, аллеяда чырактар төрт катар коюлган. Алар азыр эскирип, алмаштырууга муктаж. Кытай компаниясы заманбап технологияны сунуштоодо. Инвесторлор бир гана тратуарларга жарык берүүнү эмес, эстеликтерге да жарык берүүнү сунуш кылышууда. Болгону жарык берүүчү чырактар жерде жайгашат. Белгилей турган болсок, бул долбоор кайтарымсыз жана сунуш катарында ишке ашат. Эгер жыйынтыгы шаар тургундарынын көңүлүнө толсо, шаар башкармалыгы башка долбоорлорду ишке ашырууда аталган компания менен кызматташат", - дейт Красиенко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД