Камчыбек Ташиевди кайрадан МУККнын клиникасына которушту

12-январда Турсунбек Акун МУККнын клиникасында дарыланып аткан Камчыбек Ташиевге барып жолугуп, анын ден-соолугу менен таанышып кайтты. Бул тууралуу акыйкатчынын басмасөз кызматы билдирди.

Акундун айтымында, "бардык керектүү дары-дармектер Ташиевде бар".

Буга чейин Башкы прокурор менен жолукканда Турсунбек Акун Ташиевдин ден-соолугу кескин начарлап кеткендиги тууралуу айтып, аны стационардык дарылануусу керектигин эскерткен.

МУККнын убактылуу тергөө абагынын дарыгери Ташиевдин чындап эле ашказаны ооруй турганын тастыктап, стационардык дарыланууга муктаж экенин белгиледи.

Акыйкатчынын жана медиктердин корутундусуна ылайык, учурда Ташиев МУККнын клиникасына которулду, деп билдирди басмасөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД