Республикалык мектеп олимпиадасынан үч сабак алынды

Билим берүү жана илим министрлиги март айынын акырында болуучу мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча жобону өзгөрттү. Үчүнчү жана төртүнчү этапта предметтердин тизмеси 13төн 10го кыскарды. Тизмеден "Адам жана коом", өзбек жана француз тилдери чыгарылды. Кыргыз, орус жана англис тилдери боюнча гана респибликалык олимпиада болот.

"Бул киргизилген өзгөртүү 2012-2013-жылдарга киргизилген жаңы билим берүү стандарттарына байланыштуу. Окуучулардан оорчулукту алуу үчүн окуу планынын көлөмү жана мазмуну кайта каралды. Жыйынтыгында кээ бир сабактар башка сабактар менен бириктирилип, кээ биринин сааты азайды. Ошондой эле республикалык олимпиаданын жобосу да кайтадан каралды", - деп министрликтен билдиришти.

Жаңы жобого ылайык, олимпиадалык орган – уюштуруу комитети, методикалык комиссия, калыстардын да милдеттери так жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД