Чек арачылар өзбекстандыктар тарабынан айдалып кеткен малды кайтарышты

Ала-Бука чек ара отрядынын аскерлери Өзбекстандын жарандары тарабынан айдалып кеткен 77 баш кичи мүйүздүү малды Кыргызстанга кайтарып беришти. Бул тууралуу Чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү 14-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абат облусунун Ала-Бука районуна өзбекстандык үч жаран мыйзамсыз кирип, малчыны сабап, анын бир нече малын Өзбекстандын аймагына айдап кирип кеткен.

Окуядан кийин чек арачылар коңшу мамлекеттин чек араны коргоо комитети менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында айдалып кеткен мал кайтарылды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз тарап аталган кылмыш ишине шектүүлөр Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышы керектигин талап кылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД