Адвокат: Нариман Түлеев МУККнын ооруканасына жаткырылды

Бишкектин экс-мэри, "Ата-Журт" фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Нариман Түлеев Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Султан Баратов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 14-январда, Ленин райондук сотунда Түлеевдин жана Бишкек мэриясынын мурдагы кызматкерлеринин сот иши болмок.

Бирок сот иши айыпталуучу Түлеевдин ден соолугуна байланыштуу болбой калды.

"Мен дарыгерлердин корутундусун жана жактоочумдун диагнозун билбейм. Ал МУККнын атайын ооруканасында жатканын кечээ болжол менен 13-00дө билдим", - дейт Баратов.

Ал ошондой эле аны жактоочусуна дарылап аткан дарыгер жок болгондуктан киргизбей койгонун кошумчалады. Түлеев ооруканага жатаарга чейин адвокат МУККнын тергөө абагынын жетекчилигине, жактоочусуна медициналык жардам көрсөтүү керектигин айтып, бир нече жолу кайрылган.

"Мен Түлеев менен акыркы жолу 11-январда жолуктум. Ал ошондо эле дем алуусу кыйындап атканын жана маал-маалы менен мурдунан жана оозунан кан чыгып атканын айткан", - дейт адвокат.

"ВБ" буга чейин маалымдагандай, коррупция менен шектелип Бишкектин экс-вице-мэри Валерий Корниенко да кармалган.

Андан сырткары Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын экс-жетекчиси Руслан Бейшенбаев жана "Тазалык" ишканасынын мурдагы башчысы Бакыт Сыдыков да коррупция менен шектелип кармалган болчу.

Эскертсек, жогоруда аты аталган атка минерлер Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД