Депутат финансы министрин отставкага кетирүүнү талап кылды

Ольга Лаврованы финансы министри кызматынан алуу керек. Бул тууралуу "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин бүгүн, 15-январда, болгон жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Лаврованын отставкага кетүүсүнө 2012-жылдын бюджетине киргизилген өзгөртүү жана 2012-жылы түзүлгөн дефицит себеп болушу керек. "Ал бюджетке кандай мамиле кылганын билесиздер. Ишке болгон мындай мамиле эч кандай нормаларга туура келбейт!" - дейт ал.

Ал ошондой эле финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев "Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү кодекс" жана "Бюджеттик кодексти ишке киргизүү жөнүндөгү" өкмөттүн мыйзам долбоорун тааныштырууга катышкан жок, деп кошумчалады. "Мыйзам долбоорун өздөрү демилгелеп аткандыктан ал өзү келип, депутаттардын суроосуна жооп бериши керек", - дейт Осмоналиев.

Депутаттар бул маселени күн тартибинен алууну чечишти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД