Адвокат: Алманбет Анапияев Бириккен Араб Эмиратында

Алманбет Анапияев учурда Бириккен Араб Эмиратында. Бул тууралуу бүгүн, 15 январда, маалымат жыйында анын адвокаты Самак Заков билдирди.

Анын айтымында, ал Анапияев менен анын аялы аркылуу байланышууда. Ага карата козголгон кылмыш иши дагы деле аягына чыга элек.

"Мен ал эмне менен адектенип атканын айта албайм. Биз анын келүүсү боюнча иш алып баруудабыз. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мен абалга эч кандай комментарий бере албайм", -дейт Заков.

Эскертсек, 2012-жылдын аягында Кыргызстандын ички иштер министрлиги Алманбет Анапияевге издөө жарыялаган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү делинет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД