“Кыргызгаз” ири төрт карызкордон улам өчүрүүлөр болушу мүмкүндүгүн эскертти

"Кыргызгаз" ААКы "Кыргызжилкоммунсоюз", "Бишкекжылуулукэнерго", Бишкек ТЭЦ жана "Интергласс" ишканаларынын карызынан улам газ берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда, "Кыргызгаздын" басмасөз кызматынан "ВБ"га билдирди.

Бүгүнкү күнү жаратылыш газына болгон жалпы карыз 213 млн 66 миң сом (4,5 млн доллар). Негизги карыз төрт компанияга таандык. Алар: "Кыргызжылкоммунсоюз" – 86,3 млн сом, "Бишкекжылуулукэнерго" – 66,3 млн сом, Бишкек ТЭЦ – 17,8 млн сом жана "Интерглас" ЖЧК – 17 млн сом.

15-январга карата "Кыргызгаздын" Казакстан жана Өзбекстандан газ алып келүүчү компанияларга болгон карызы 4,4 млн доллар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД