Эксперт: Жаңы ГЭС өчүрүүлөрдөн куткара албайт

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин жана Нарын Жогорку каскадына курула турган гидроэлектр станциялары калкты электр менен камсыздоодогу өчүүрөлөрдү жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгындагы көйгөйлөрдү чечпейт. Бул тууралуу "Интеграциялык контексте Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугу" аттуу тегерек столдо көз карандысыз эксперт Николай Кравцов билдирди.

Анын айтымында, жаңы ГЭСтер сезондук мүнөздө гана иштейт жана пландалган 1 900 мВт электрэнергиясын жайында гана иштеп чыга алат. Кышында болсо суунун агып кирүүсү жай болгондуктан электр энергиясын иштеп чыгууда дефицит байкалат.

"Ошондой эле жогорку чыңалуудагы 500 кВт "Датка-Кемин" электр зымдарынын курулушу да өчүрүү болбойт деп кепилдик бере албайт. Электр зымдарынын курулушу менен биз болгону электр энергиясын транспортировкалоону гана чечебиз. Кышында кошумча энергия болбогондуктан эч нерсе деле транспортировкаланбайт", - дейт Кравцов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД