Апрель окуясынын катышуучулары депутаттын кечирим суроосун талап кылды

"Биз депутат Жылдызкан Жолдошованын сот жообуна апрель революциясынын катышуучулары да тартылышы керек деген билдирүүсүнө жинибиз келип атат. Ал кечирим суроосу керек. Болбосо башкача сүйлөшөбүз", - деп бүгүн, 15-январда, маалымат жыйында апрель революциясынын катышуусу Абдраим Касымов билдирди.

Анын айтымында, 3-октябрда болгон окуя менен апрель революциясын салыштырууга эч болбойт.

"Жылдызкан Жолдошова кандуу режимди кулаткан элди каралап, эркиндик үчүн каза болгон жүздөн ашык адамдын арбагына шек келтирүүдө. Ок жеген миңдеген жердештерин шылдыңтап атат. Үй-бүлөлүк кланга каршы өз өмүрүн бергендерди ал түрмөгө отургуза алабы?", - деп нааразылыгын билдирди революциянын катышуучусу.

Касымов, эгер Жолдошова аларды үй-бүлөлүк кланды кулаткандыгы үчүн айыптай турган болсо, миңдеген киши Бишкекке келип, сот алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД