Апрель революциясынын катышуучусу: Революциянын уюштуруучусу болгон эмес

"Апрель революциясынын уюштуруучусу болгон эмес", - деп бүгүн, 15-январда, маалымат жыйында 2010-жылдын 7-апрель окуяларына катышкан Абдраим Касымов билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк режимди кулатуу бул пландалган деген баш айландыруучулукту токтотуу керектигин белгиледи.

"Ал күнү мен жумушта болчумун. Болжол менен саат бирлерде аянтта эмне болуп атканын билдим. Бакиевдин бийлиги эмне менен алектенип атканын жумурай журт билгендиктен жөнөкөй жаран катары аянтка бардым. Ал жерде эч кандай уюштуруучулук болгон эмес деп мен ишенимдүү айта алам", - дейт Касымов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД