Депутаттар: Фонограмма тууралуу мыйзам иштебей атат

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети өкмөткө "Фонограмма жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышын изилдеп чыгууну тапшырды.

Эскертсек, мыйзамга ылайык, концерт фонограмма менен өтө турган болсо, афишаларда ал тууралуу жазылышы керек.

Маданият жана туризм министринин орун басары Кожелди Кулуев мыйзам 2012-жылдын 18-майында кабыл алынганын жана ал угуучулардын укугун коргоого багытталганын белгиледи.

"Бизде атайын жабдылган концерттик залдар жок болгондуктан фонограмма менен такыр эле ырдабай коюга мүмкүн эместигин түшүнүп турабыз. Андыктан ырчылар жана уюштуруучулар концертте ырчы фонограмма менен ырдай тургандыгын алдын ала эскертиш керек", - дейт ал.

Өз кезегинде депутат Роза Акназарова мыйзам кабыл алынганына 9 ай болсо да ал аткарылбай атканын белгиледи. Аны менен башка депутаттар да макул болду. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү өкмөткө мыйзам долбоорунун аткарылышын иликтеп чыгууну тапшырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД