Кырызстан боюнча болжол менен 850 студент стипендия алып окушат

Финансы министрлиги 2012-жылы студенттерге стипендия төлөп берүү үчүн 2 млн 725 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу министрликтен "ВБ"га билдирди.

Бирок студенттердин санын ведомстводон так айткан жок.

Эскертсек, Кыргызстандагы стипендиянын көлөмү 257 сомдон 276 сомго чейин жетет.

Ошентип, орточо студенттин стипендиясы 266 сомду түзөт. Стипендия 12 айга толук төлөнөт. Эгер 2 млн 725 миң сомду 12 айга бөлсөк болжол менен стипендия алгандардын саны 853 студентти түзөт.

Эгер бардык студенттердин санын мамлекеттик университеттерге карата бөлсөк, ар бир университеттен 35 студентке стипендия берилет.

Финансы министрлиги чындап эле стипендияга бөлүнгөн сумма ушунчалык экенине ишендиришүүдө. Ошентсе да мамлекеттик жогорку окуу жайлардагы бир эле факультетте ушунча стипендия алып окугандар болушу мүмкүн. Бул тууралуу расмий маалымат жок болгондуктан келтирилген тыянактар болжолдуу гана.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД