Сохтун жашоочулары талкаланган машиналар үчүн 27 миң доллар компенсация төлөдү

Сох анклавынын жашоочулары чек арада болгон окуядан жапа чеккендерге компенсация төлөп беришти. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБдин штаб жетекчиси Келдибек Мергенов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, компенсациянын суммасы 27,5 миң доллар. Бул каражат өрттөлгөн унаалар үчүн төлөнгөн. Ошондой эле үч унаа да кайтарылып берилген. Алар чек арада болгон жаңжал учурунда Honda CR-V, Audi жана Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унааларды айдап кетишкен.

Мергенов билдиргендей, Сох анклавындагы абал мурдагы бойдон сакталууда. Бардык чек ара тосоттору жабык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД