Кыргызстанга бир жылда Кытай жана Индиядан миң тонна эт келген

2012-жылы Кыргызстандан Иранга 110,3 тонна кой эти экспорттолгон. 12 280 баш кичи мүйүздүү жана 280 баш ири мүйүздүү мал Иран, Кувейт, Бириккен Араб Эмиратына сатылган. 4 195,3 тонна тери Украина менен Белорусияга кеткен. Бул тууралуу ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга АКШ жана Бразилиядан 56 440 тонна куш эти импорттолгон. Кытайдан болсо 10 005 тонна куш эти, 8 060 тонна чочко эти, 570 тонна уй эти экспорттолгон. Индиядан 520 тонна уй эти келген. Монголиядан 135 тонна жылкы эти, 20 тонна кой эти келген. Орусия жана Голландиядан 4 098 тонна балык импорттолгон.

Маалымдалгандай эт азыктарын экспортоодо жана импорттоодо мамлекеттик ветеринариялык орган эч кандай мыйзам бузууну тапкан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД