Райондор аралык сот Бишкектин башкы планын мамлекеттик сыр деп тааныды

Бишкектин райондор аралык соту кечээ, 15-январда, Бишкектин башкы планын мамлекеттик сыр деп тааныды. Бул тууралуу "Тоскоолдуксуз жашоо" партиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова "ВБ"га билдирди. Партиянын өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна арызданууга ниеттенишүүдө.

Абдрахматованын айтымында, мэрия менен Бишкекбашкыархитектрурасы борбор калаанын башкы планын аны жашыруун сыр деп атап, көргөзүүдөн баш тартышкан. "Бишкекбашкыархитектуранын" кызматкерлеринин айтымында, башкы план жашыруун сыр болгон документтердин катарына кирет. Мыйзамга ылайык, бардык мамлекеттик сыр бир нерсеге негизделиш керек. Бирок башкы пландын түзүлүшү жашыруун сырга кирбейт", - дейт Абдрахматова.

Ал ошондой эле архитекторлор масштабы 1:10 000 болгон гана башкы план жашыруун сыр болуп саналарын айтышты,- деп билдирди.

Партиянын активисттери мэриянын өкүлдөрү жана шаар тургундары менен биргеликте жашыруун сыр болгон башкы пландын алкагында түрдүү иш-чараларды өткөрүүнү пландап атышкандыктарын кошумчалашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД