Парламент январь айына карата пленардык күн тартипти бекитти

Бүгүн, 16-январда, парламент депутаттары аймактардагы шайлоочулар менен бир жумалык жолугушуудан кийин жыйынга чогулушту. Календардык планда 13 маселе көргөзүлгөн. Алардын ичинде Жогорку соттун судьяларын шайлоо, "Банк жана банктын ишмердиги жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө", "Экономикалык эркин аймактар жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо" (демилгечи – депутат Дастан Бекешев) жана башка маселелер бар.

"Республика" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова күн тартибине Сох аймагындагы абал тууралуу маселени да киргизүү керек деп билдирди. "Жумушчу топ жана мамлекеттик деңгээлдеги комиссиялар түзүлгөнүн билем. Кечээ өзбек тарап жабыр тарткан кыргыздарга талкаланган машиналары үчүн компенсация төлөп берип атат деген маалыматтар чыкты. Эл чалып, кабатырланып атат. Биз да бул маселени карашыбыз керек", - дейт Султанбекова.

Социал-демократ Жусупали Исаев Сох маселеси "жогорку деңгээлде" каралып атат деп белгиледи. Депутаттык топ иштеп атат. Иштин жыйынтыгы Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринде каралат, - деп кошумчалады ал.

Атамекенчи депутат Карганбек Самаков фермерлерди сапаттуу вакцина менен камсыз кылуу тууралуу маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады. "Ветеринар менен дыйкандар кабатыр болууда. Кыргызстанда сапатсыз вакцина пайда болуп, андан мал кырылууда. Буга ким жооп берет? Вакцина боюнча чоң талаш-тартыш болгонун баарыбыз билебиз, бирок эч ким жоопкерчиликке тартылган жок", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД