Асия Сасыкбаева: Кыргызстанда бандиттер реванш алууну каалашууда

"Полковник Толкунбек Шоновдин өлтүрүлүшү коомдо резонанс жаратты. Анын иши тергелип, өлтүргөн адам жазаланышы керек", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-январдагы, пленардык жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева билдирди.

"Бул баардыгыбызга чакырык таштоо. Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы күрөш жарыялаган. Бул жерде болсо өлтүрүп атышат. Чуулгандуу адам өлтүрүү боюнча иш мамлекет башчысынын көзөмөлүндө экенин билем. Атасынан айрылган анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам берилди. Парламент төрагасынын фондунан да каражат бөлүүнү сунуштайм", - деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД