Чек арадагы абалды депутаттар түштөн кийин талкуулашат

"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Жылдызкан Жолдошова жана Надира Нарматова Сох анклавындагы абалды кароо керектигин Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-январдагы, жыйынында сунушташты. Алардын сунушун "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да колдоого алды.

"Биздин унчукпай отурганыбызга элдин ачуусу келип атат. Биз чек арада болгон жаңжалды февралга калтырбай аны кароого милдеттүүбүз. Ал жакта олуттуу маселе болуп аткандыктан күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн чакыралы. Эгер ал жакта жашыруун маалымат боло турган болсо, жыйынды жабык эшик артында өткөрөлү", - деди Сулайманов.

Социал-демократ депутат Исмаил Исаков да Сох маселесин кечиктирбестен кароо керектигин белгиледи. "Биздин чек арачыларды сабап атат. Жердештирибизди башка аймактарга алып кирип кетишүүдө. Биз болсо эч нерсе болбогондой мамиле кылышыбыз керекпи? Сөз – биздин мамлекеттин бүтүндүгү жана аны коргоо тууралуу болууда", - дейт депутат.

Өз кезегинде төрага Асылбек Жээнбеков чек ара маселеси саат 14-00дө карала турганын билдирди. Өкмөт да маселени кароого даярданып атат. "Биз эч нерсе кылбай атабыз деп жемелеген туура эмес. Биз өз ишибизди билебиз. Министрлер кабинети даярданууга убакыт сурашты. Андыктан бул маселени түштөн кийин карайбыз", - деди Жээнбеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД