Бешинчи каналдын парламенттик аккредитациясын алып салуу сунушталды

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Бешинчи каналдын жетекчилигине нааразычылыгы бар экенин Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-январдагы, пленардык жыйынында билдирди.

"Биздин коллегалар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов камакка алынгандан баштап, биздин фракция тууралуу эмне оюна келсе ошону айтып жазып калышты", - дейт Жолдошова. – Кыргызстанда ошондой бир журналист - Оксана Малеваная болгон. Ал ошол убактагы президентке кызмат кылып жүрдү. Евгения Бердникова да кимдир бирөөгө жагуу үчүн ошол эле кадамдарга барууда. Алар мага өз телеканалынан чыгуу үчүн убакыт берсин, же болбосо маалыматтарды үзүп берүүдө. Бешинчи каналдын журналисттеринин парламенттик аккредитациясын алып салууну сунуштайм", - дейт Жолдошова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД