Жылдызкан Жолдошова регламентти сыйлабагандыгы үчүн төраганы жемеледи

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошова Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 16-январдагы, жыйынында төрага Асылбек Жээнбековго депутаттар тарабынан парламенттин регламенти бузулуп атканына "көзүн жуумп" атканын айтып, эскертти.

"Мисалы вице-спикер Асия Сасыкбаева процедуралык маселе боюнча микрофонго үч жолу келди, башкаларына бир да жолу сөз бере элексиз. Регламентти сактаңыз. Же биз аны жөн эле кабыл алдыкпы?", - деп суроо салды Жолдошова.

Эскертсек, Жолдошова такай "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева менен жыйындарда айтышып келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД