Айдоочулар оор жүк ташыган машиналардын кирүүсүнө тыюу салууну талап кылышууда

Бүгүн, 16-январда, 30га жакын узак сапарга чыккан айдоочулар салмагы 44 тоннадан ашкан машиналарды Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салууну талап кылып, "Ак үйдүн" алдына митингге чыгышты.

Балыкчылык сапарман-айдоочу Бектур Кыдырбаевдин айтымында, кытайлык оор салмактагы машиналар жолдорду бузууда. "Анан калса алардын салмагы 80 тонна жана бизге жумуш орундары жок болууда. Биз КамАЗдарды айдап жүрөбүз. Убакыт өткөн сайын бизге болгон тапшырыктар да азаюуда", - дейт ал.

Кыдырбаев мурда кыргызстандык айдоочулар "КамАЗ" машиналары менен Кытайга чейин барып тургандыгын кошумчалады. Азыр аларга бул мамлекетке кирүүгө тыюу салынган. Ал эми жаңы машина алууга каражат жок.

"Салмагы 44 тоннадан ашкан жүгү бар машиналардын Кыргызстанга кирүүгө тыюу салуу керек. Ошондо жолдор да бузулбай, биз да жумуш менен камсыз болобуз", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД