Бишкек мэри шаардын башкы планынан эч кандай “илинчек” көргөн жок

Бүгүн, 16-январда, Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаардын башкы планынын айланасында болуп аткан соттук териштирүү боюнча түшүндүрмө берди.

"Мындан силерге эмне жакпай атканын түшүнгөн жокмун. Бул жерде кандай "илинчек" бар экенин түшүнгөнүм да жок? Бул силерге эмне үчүн керек? Мен бардыгына айттым, келгиле, биз силерди тааныштырабыз", - дейт Өмүркулов. Ошентсе да "ВБ"нын корреспондентинин башкы план менен тааныштыруу өтүнүчүнө шаар башчы анын иш күнү күн мурунтан белгиленгендиктен, убакытты белгилөө керектигин айтты.

Ал кээ бир "кылдат иштерди" башкы планда көргөзүүгө тыюу салынганын кошумчалады. "Мыйзам аларды ачык түрдө жарыялоого тыюу салат", - деп кошумчалады мэр. Бирок шаар башчы кайсыл кылдат иштер тууралуу айтып атканын тактаган жок.

"Биз бир нерсени жашырып, кылмыш ишин калкалап аткансып күнөөлөшөт. Ошентсе да биз мыйзамга каршы иш-аракет жасай албайбыз да", - деди Өмүркулов.

Эскертсек, 15-январда райондор аралык сот "Тоскоолдуксуз жашоо" партиясынын шаардын башкы планын ачык түрдө элге көргөзүү боюнча доо арызын канааттандырган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД