Иса Өмүркулов транспортчулардын ишин катуу сынга алды

Бүгүн, 16-январда, Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов транспорт компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, алардын ишин катуу сынга алды.

Күн тартибине жүргүнчүлөрдү тейлөө маселеси коюлган.

"Биздин дарекке түрдүү сөздөр айтылууда. Техникалык жактан мүчүлүштүктөр бар. Бизде айдоочуларды даярдоо төмөнкү деңгээлде, антисанитария жана жүрүү графиги так сакталбайт. Берилген сөгүштөр, рейддер эч кандай жардам бербей атат. Жүргүнчүлөрдү салууда жана аларды түшүрүүдө баш аламандык уланууда. Биз кимдер үчүн аялдамаларды оңдоп аткандыгыбыз түшүнүксүз", - дейт мэр.

Ал ошондой эле суук катуу болгон күндөрү маршруттук таксилер эртең менен эрте жана кечки рейстерге чыкпагына жини келип, анын кесепетинен шаар тургундары ишине жана үйүнө жете албай кыйналганын кошумчалады.

"Силер бир гана акча тапканды билбей, көйгөйлөрдү да чечишиңер керек. Ишти өзүңөрдүн айдоочулар менен иш алып баруудан баштагыла. Антпесе, акыркы учурда "бусиктер" катышкан жол кырсыгы көп катала баштады", - деген шаар башчы өз сөзүн "мындан ары транспортниктерге катуу чара көрүлөт", - деп жыйынтыктады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД