Бишкектеги маршруткалар үчүн эреже бузууда чектөө киргизилет

Ар бир микроавтобус үчүн эреже бузууда чектөө киргизилет. Чектен ашкан маршруткалар жүргүнчү ташуу укугунан ажырайт. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда, Бишкек мэри Иса Өмүркулов транспорт компанияларынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

"Көп эреже бузуулар катталгандыктан биз жаңылык киргизели деп атабыз. Ар бир маршруттук автобуска эреже бузууда чектөө киргизилет. Болжол менен 15-20 эреже бузуу каралууда. Жүргүнчү ташыган бардык унаалардын мамлекетик номерин каттоого алып, ошол аркылуу көзөмөл кылып турабыз. Тийиштүү машина эреже бузуу чегин ашып кетсе, аны жүргүнчү ташуу укугунан ажыратабыз. Демек, машинанын ээси да башка маршруткаларга которула албайт, себеби, жүргүнчү ташуу укугу толугу менен жабылат", - дейт шаар башчы.

Мэр ошондой эле каттоого ала турган орган менен да сүйлөшүү болоорун белгиледи. Алар эреже бузууда чектен ашкан машиналарды кайтадан катташпайт. Ушундан улам эреже бузган транспорттун саны да азаят.

"Мен расмий түрдө айтам, биз өзүнүн милдеттерин чын дилден аткаргандар менен гана иштешебиз. Калгандары кетет. Андыктан силер да курамды жаңылоо тууралуу ойлонушуңар керек. Заманбап, сыйымдуулугу көп болгон транспортторду алгандар мэрия тараптан кепилдик алат. Силер эртең жумушсуз калбайбыз деп ишенимдүү болосуңар. Керек болсо, 10 жыл кепилдик берем", - деп Өмүркулов транспортчуларды ишендиргенге аракет кылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД