Бишкекте маршруткалардын саны кыскартылат

Бул жылы келе турган жаңы троллейбустардан улам шаардагы маршруткалардын саны кыскартылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда, Бишкек мэри Иса Өмүркулов билдирди.

"Кийин кимдир бирөөнүн таарынычы болбошу үчүн дароо эскертип атам. Жаңы троллейбустар алынып келинээри менен кээ бир маршруткалар өзгөрүп, кээси такыр эле кыскарат. Мен буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Шаарга көп киши баткан машина керек. Ансыз да Бишкек маршруткалардан думугуп кетти", - дейт шаар башчысы.

Өз кезегинде транспорт компаниялардын өкүлдөрү жаңы микроавтобустардын болушуна кызыктар экенин, бирок каражат жок деп белгилешти.

"Чоң автобустарды сатып алууда акчасын сарптоого эч ким тобокелдикке барбайт: Бишкектеги ташуу тармагынын чыгымы көп", - дейт алар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД