Бишкек мэри туура эмес токтогон жеке таксилер менен күрөшүүгө сөз берүүдө

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн жүргүнчү ташыган компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, жол кире кымбаттаганы менен тейлөө сапаты начар бойдон калганын айтып сынга алды.

"Өзүңөр деле билесиңер, тарифтерди жогорулатуу - бул анчейин популардуу чара эмес. Албетте, шаардыктар жол кире кымбаттагандан кийин кандайдыр бир алдыга жылыштарды күткөн. Силер жол эрежесин сактоодо, өзүн жакшы алып жүрүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзө албайсыңарбы? Албетте, мурдагы тариф боюнча каражат жетиштүү эмес болчу, бирок аны көтөргөндөн кийин тейлөө сапатын да жакшыртуу керек", - деп белгиледи шаар башчы.

Мэр ошондой эле аялдамалардын баарын мыйзамсыз ээлеп алган жеке таксилер менен күрөшүү иштери баштала турганын билдирди. Ал ошондой эле коомдук транспорт тоскоолдуксуз жүрүүсү керек, - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД