Дунганов: Жаныш Бакиев “Ак үйдүн” тосмосунан өткөндөрдү аткыла деп буйруган

2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар учурунда "Ак үйдүн" тосмосун ашып кирген митингчилерди аткыла деп Мамлекеттик коргоо кызматынын экс-төрагасы Жаныш Бакиев буйруган. Бул тууралуу апрель окуясы боюнча болгон сот отурумунда айыпталып аткан Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасынын экс-орун басары Данияр Дунганов билдирди.

Анын айтымында, 6-апрелде ага Жаныш Бакиев чалган. Андан кийин күчөтүлгөн режим киргизилген. 7-апрелде Жаныш телефон чалып, президенттик полк үчүн эки машина даярдоону буйруган. Аскерлер таяктар жана калкандар менен жабдылган. Ошондой эле калгандарга табелдик курал берип, "Ак үйдү" курчап туруу буйрулган.

"Мен "Ак үйгө" киргенде эле Жороевдин кабинетине чакырды. Ал жактан мен Малеванаяны, Сатыбалдиевди, Калиевди, Суталиновду, Турсункуловду, Жороевди жана Раимбердиевди көрдүм. Ошол жерден мен күтүлбөгөн кырдаал болуп кетсе курал колдонулат деген документти көрдүм", -деди Дунганов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД