Кыргызстан Сох менен болгон чек араны тикендүү зым менен тосууга даяр

Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен чек арага тикендүү зымдарды тартууга даяр. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, тикендүү зымдар делимитация болгон кооптуу аймактарга гана орнотулат. Бардык иш өзбек тарап менен макулдашылат.

"Азырынча иш пландалууда гана. Иш качан башталары белгисиз", - дейт Разаков.

Өкмөттүн өкүлү Сох анклавынын айланасындагы абал мурдагыдай эле экенин билдирди. Бардык чек ара тосоттору жабылуу бойдон.

Эскертсек, 5-январда Сох анклавында жашаган жүздөн ашык өзбекстандык жарандар чек ара тосотуна кол салып, участкалык милицияны сабап коюшкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД