Дунганов: Бизди стратегиялык объектини коргогонубуз үчүн соттоп атат

2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча айыпталып аткандар "Ак үйдү" коргоп, мыйзамды сактагандыгы үчүн соттолууда. Мындай билдирүүнү бүгүн, 16-январда, апрель окуясы боюнча сот отурумунда Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасынын экс-орун басары Данияр Дунганов билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр ага негизсиз айып тагышууда. Аны куралсыз митингчилерге мамлекеттик коргоо кызматынан кызматкерлери жогорку жактагылардын мыйзамсыз буйругун аткарып, ок чыгарган деп айыпташууда.

"Ак үйдүн" темир тосмосунун ар жагында куралчан көптөгөн адамдар бар болчу деп ишенимдүү айта алам. Стратегиялык маанилүү объекти басып алууга карата аракет болгон. Тынчтык митинггинин катышуучулары куралдуу төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет кылган. Жыйынтыгында күч менен басылып алынган бийликти революция деп аташты", - деди Дунганов.

Ал ошондой эле Мамлекеттик коргоо кызматынын кызматкерлеринин куралынан бир да жаран каза болбогондугун экспертиза аныктады деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД