Гүлнара Дербишева кылмыш иши козголгондуктан ээлеген кызматынан бошоду

Гүлнара Дербишева Социалдык коргоо министрлигинин социалдык камсыздандыруу департаментинин жетекчилигинен бошоду. Бул тууралуу "ВБ"га белгилүү болду.

Социалдык коргоо министри Кылычбек Султанов Дербишеваны кызматтан бошотуу кылмыш ишине байланыштуу деп редакцияга билдирди.

Эскертсек, Дербишева 2010-жылдын 31-августунда эл аралык балдарды асырап алуу боюнча эларалык уюмдан пара алып аткан жеринен кармалган. 2011-жылы тергөө органдары аныктагандай, Дербишева социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган маалда чет элдик жарандардын балдарды асырап алуусуна уруксат берүүчү документтерди берүү менен чет элдик уюмдардан 30 миң долларга чейин пара алган.

Ага "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш толукталып тергөө үчүн эки жолу жиберилген. Азыр кылмыш иши Бишкек райондук сотуна берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД