Биринчи квартал үчүн Кыргызстан Казакстандан миң куб газды 224 доллардан алат

Кыргызстанга биринчи квартал үчүн миң кубометр газ 224 доллардан алып келүү боюнча макулдашууга жетишилди. Макулдашууга ылайык, кол коюлган документти кийинки кварталдар үчүн да узартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 16-январда Астана шаарында Кыргызстанга жаратылыш газын алып келүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр болду.

"КазМунайГаз" АКынын башкаруу төрагасынын биринчи орун басары Даняир Берлибаев жана "КазТрансГаз" АК жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүгө Кыргызстандын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Эсенгул Өмүралиев, "Кыргызгаз" директорлор кеңешинин төрагасы Бекмурат Султаналиев жана "Кыргызгаздын" башкы директор орун басары Евгений Орленко катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД