Чек арадагы кырдаалды талкуулоо үчүн депутаттар Сатыбалдиевди күтүүдө

Чек арадагы кырдаалды депутаттар бүгүн пленардык жыйында жабык эшик артында талкуулашат. Талкуу саат 11:15те башталат.

Эскертсек, кечээ депутаттар жыйынга Жантөрө Сатыбалдиевдин келүүсүн талап кылышкан эле. Бирок, премьер-министр кечээ келген эмес. Аны депутаттар бүгүн да күтүшүүдө. Көпчүлүк депутаттар премьер-министр аларды биринчи жолу эмес, бир нече жолу теңине албай атканын айтып, наарызычылыгын билдиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД