Жогорку Кеңеште бүгүн акыйкатчыны шайлоо керектиги сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү пленардык жыйынында Акыйкатчыны шайлоо тууралуу өз сунушун "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ташполот Балтабаев киргизди.

"Акыйкатчыны кечиктирбай шайлайлы. Талапкерлерди чакыралы, алар жарым саат ичинде эле бул жакка келишет. Менин коллегаларым кечээтен бери эле биз жаңы акыйкатчыны убагында шайлай албай калабыз деп айтууда. Эгер мыйзамды бузууну каалабасак, келгиле шайлайлы. Талапкерлерди баарыбыз билебиз, алар профилдик комитеттердин элегинен өтүштү", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД