Депутат милиционерлердин айлык-акысын көтөрүүнү талап кылды

КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-январдагы, жыйынында милиционерлердин айлыгын көтөрүү керектигин айтып, өкмөткө кайрылды.

"Жакында эле полковник Толкунбек Шоноевдин өлтүрүлүшү резонанс жаратты. Бардыгыбыз бул иштин бетинин ачылышын катуу көзөмөлдөп атабыз. Бирок, милиционерлер кандай кыйынчылыктарга туш келип атканын кимдир бирөө ойлойт болду бекен? Алар өлкөдөгү коомдук тартипти сакташууда. Биз алардан көптү талап кылуудабыз. Алардын айлыгы жана жеңилдиктери тууралуу эч ким деле айткан жок. Мен милиция кызматкерлеринин айлык-акысын жогорулатууна талап кылам", - деди Кадыралиева.

Эскертсек, депутат айымдын агасын бир канча жыл мурда өлтүрүп кеткен. Ал убакта ал депутат болчу. Жалданган киши өлтүргүч аны үйүнүн жанынан күтүп туруп, бир нече жолу аткан. Кылмышкер кармалып, жазага тартылган.

Полковник Шоноевдин өлүмү боюнча маселе көтөргөн Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева "Ата Мекен" фракциясындагы коллегалары менен полковниктин жанаасына барып келгенин айтты. "Жаназасына барганда бул жөн гана өлтүрүү эмес экенин эл айтып атты. Криминал башын көтөрүүдө. Мындай кылмыш иштерине баргандар сөзсүз түрдө жазаланышы керек", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД