Өкмөттү жазгы талаа иштерине даярданууга шаштырышты

КСДП фракциясынын депутаты Мамытбай Салымбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-январдагы, пленардык жыйынында жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маселени көтөрдү.

"Биз жыл сайын жазгы талаа иштерине болгон даярдык начар болгонун айтып келебиз. Келгиле, өкмөттү даярдык көрүүнү убагында ишке ашырууга милдеттендирели. Өзгөчө көңүл үй жандыктарына вакцина саюу ишине көңүл буруу керек. Биздин эле ишкерлер жасалма сапатсыз вакциналарды даярдап атат деп бул жерде түрдүү пикирлер айтылууда. Кайтадан массалык малдын өлбөшү үчүн келгиле чара көрөлү", - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД