Садыркулов боюнча сот иши бир жумага жылдырылды

КР президент аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловду, Стратегиялык изилдөө боюнча эл аралык институттун директору Сергей Слепченкону жана айдоочу Кубат Сулаймановду өлтүрүү боюнча сот иши айыпталып аткандардын бирөөсүнүн жаңы адвокатынан улам кийинкиге жылдырылды.

Бүгүн, 17-январда, Медет Садыркуловдун иши боюнча экинчи инстанциядагы сот иши болмок. Бирок сот ишинин башында айыпталып аткан Бакыт Байжанов мурдагы жактоочусунан баш тартып, соттон жаңы адвокат табуу мүмкүнчүлүгүн сурады. Ушундан улам Аскер сотунун судьялар коллегиясы ишти 24-январга жылдырышты.

Эскертсек, Садыркулов, Слепченко жана Сулайманов 2009-жылдын 13-мартында Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД