Боом капчыгайындагы жолду быйыл аяктоо пландалууда

Боом капчыгайындагы авто жолду быйыл аяктоо пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканбаев бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек – Нарын – Торугарт авто жолунда орун алган Боом капчыгайында 130 млн долларлык иш аткарылган.

Андан сырткары Дыйканбаев Ош – Баткен – Исфана автожолун калыбына келтирүүгө 20 млн доллар сарпталганын кошумчалады. Учурда калыбына келтирүү иштери аяктоодо. Пүлгөн – Алга аймагынын 123-155 чакырымдарына асфальт төшөлүп, көпүрөө салынга. Ошондой эле Алга – Баткен (155-220 км) авто жолуна да асфальт төшөлгөн.

"Ош – Сары-Таш – Иркештам жана Сары-Таш – Карамык автожолдорун калыбына келтирүү иштери дээрлик аяктап калды", - дейт статс-катчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД