Адвокат: Ташбаевге козголгон жаңы иши тууралуу эч нерсе билбейм

"Учкунбек Ташбаевге козголгон жаңы кылмыш иши тууралуу эч нерсе билбейм", - деп Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчисинин адвокаты Икрамидин Айткулов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жактоочусуна карата жаңы кылмыш ачылганы тууралуу ал ЖМК өкүлдөрүнөн билген. "Жаңы айып тагып жана ал иш менен таанышуу үчүн мени эч ким чакырган жок. Жаңы кылмыш иши тууралуу биринчи жолу угуп атам", - дейт Айткулов.

Ал жактоочусуна карата тергөө иши бир жолу гана болгонун кошумчалап, андан бери бир да жолу суракка чакырылбаганын билдирди. "Биздин күч түзүмдүн кызматкерлери дайым болуп келгендей эле көргөзмө үчүн иштешет. Алар – кишини биринчи кармап, андан кийин гана тергеп башташат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД