Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны бир жылда 4/1ге өскөн

2012-жылы кыргызстандыктар интернет жана уюлдук байланышты көп колдоно баштаганы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда уюлдук байланышты колдонгондордун саны 6,3 млн кишиге жетет. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 8%га көп. Ал эми интернет колдонуучулардын саны 3,2 млн кишиге жетип, өсүш 26% болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД