“Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын кылмыш иши 24-январда каралат

"Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 24-январга белгиленди. Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов бүгүн "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун төрагасы депутаттарга карата козголгон кылмыш иши боюнча материалдарды судья Адылбек Субанкуловго берген. Ал өз кезегинде сот отурумун 2013-жылдын 24-январына белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД