Чыныбай Турсунбеков: Сох анклавындагы бардык такталган жерлерди тосуу керек

"Сох анклавындагы бардык такталган жерлерди тосуу керек", -деген пикирин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков "ВБ"га берген маегинде билдирди.

"Бул бомба мурда эле коюлган. Бул аймак биз үчүн жарылуу коркунучу бар аймак болуп саналат. Бул Кыргызстан үчүн эң чоң көйгөй. Жыйынтыгында биз чекит коюшубуз керек", - дейт ал.

Анын айтымында, буга чейин да көйгөйдү чечүүгө аракет болгон.

"Бул аймакты эки тараптан тең тосуу керек деп эсептейм. Эки тарап тең чек ара кайсыл жерден өтөрүн билиши керек. Чек араны демаркация жана делимитация тең укуктук негизде өзбек тарап менен макулдашылып чечилиши керек. Биринчи кезекте бул иш менен өкмөт иштеши зарыл. Биз ага бул ишти аягына чыгарууга мүмкүндүк беришибиз керек", - дейт Турсунбеков.

Эскертсек, 6-январда Сох анклавында жаңжал болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттары Сох анклавындагы жаңжалды премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин катышуусусуз эле жабык эшик артында талкуулоодо. Талкууга башкы прокурор Аида Салянова да келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД