“Республиканын” депутаты: Социалдык ведомстволорду кыскартуу керек

"Өкмөттүн курамын өзгөртүүдө биринчи кезекте социалдык ведомстволорду кыскартуу керек", - деген оюн "Республика" фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев "ВБ"га берген маегинде билдирди.

"Азыр өкмөттүн курамын өзгөртүү маселеси актуалдуу эмес. Ошентсе да кээ бир ведомстволорду кыскартуу керек, анткени мамлекеттик аппарат ыгы жок көбөйтүлгөн. Биринчи кезекте социалдык курамды кыскартуу керек. Азыр бир-бирин кайталаган көп органдар бар. Мисалы, Социалдык коргоо министрлиги. Аны Билим берүү министрлиги менен кошууга болот", - дейт Мурашев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД