Адвокат: Мотуевдин иши боюнча кайтадан экспертиза жасалат

Нурлан Мотуевдин кыз зордуктады деген иши боюнча кайтадан сот-биологиялык экспертиза өткөрүү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн Мотуевдин адвокаты Зарифа Борузова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жабыр тартты делген тарап текшерүүнүн жыйынтыгына ишенбегендиктен, Свердлов РИИБинин тергөөчүсү кайтадан экспертизадан өтүү керектигин белгилеген.

"Биринчи экспертизанын жыйынтыгы эч кандай зордуктоо болбогонун көргөздү", - дейт Борузова.

Тергөө иши уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД