Кожобек Рыспаев: Чек арадагы көйгөйдү чечүүдө инфраструктураны жакшыртуу керек

"Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы көйгөйдү чечүү үчүн чек ара аймактарындагы инфраструктураны жакшыртуу керек", - деп "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев "ВБ"га берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чек ара аймагында жашаган элдин биринчи көйгөйү бул - калкты таза суу менен камсыз кылуу, электр жарыгынын жоктугу жана жолдун начар болушу. "Биринчи кезекте инфраструктура маселесин чечүү керек. Чек арачылардын санын 500 кишиге чейин жогорулатуу кажет", - дейт Рыспаев.

Эскертсек, буга чейин Рыспаев талаш болбогон жерлерди тикенек зымдар менен тосууну сунуштаган. Бирок анын фракциялашы Абдрахман Маматалиев каршы болуп, демаркация делимитациядан кийин гана болорун айткан.

КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов делимитация жана демаркация маселелерин коңшулар менен тынчтык жолу аркылуу чечүү керектигин "ВБ"га билдирген болчу.

Эскертсек, депутаттар Сох анклавынын айланасындагы кырдаалды жабык эшик артында талкуулашууда. КСДП фракциясынын мүчөсү Абдыманап Кутушевдин айтканына караганда бул жыйынга премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин да келип катышаары күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД