КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевга сөгүш жарыяланды

КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаевге Коомдук байкоочу кеңештин 17-январдагы жыйыны учурунда "Ала-Тоо" маалымат программасында кетирилген ката үчүн сөгүш берилди. Бул тууралуу КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Фархад Бекмамбетов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында байкоочу кеңештин 10 мүчөсү "макул" деп добуш берсе, эки киши "каршы" деп добуш берген.

"Ошондой эле КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешинин ишмердигин туура эмес чагылдыргандыгы үчүн да сөгүш берилди", - деди Бекмамбетов.

Буга чейин Кубат Оторбаев байкоочу кеңеш каналдын редакциялык саясатына гана кирише ала турганын, бирок финансылык жана кадрдык маселелерге түздөн-түз кийлигише албайт деп билдирген эле.

Андан сырткары жапа чеккен журналисттерге да материалдык жардам берүү чечими кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД