“Чалдовар” бажы посту айланасындагы үйлөр сатылып алынган соң кеңейиши мүмкүн

Чүй облустук администрациясы Казакстан менен чектешкен аймактагы "Чалдовар" бажы постун кеңейтүү маселеси боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы атайын өкүлү Айбек Азыранкулов премьер-министрдин "Чалдовар" бажы постуна болгон иш сапары маалында билдирди.

Анын айтымында, посту кеңейтүү үчүн бажы постунун айланасында орун алган үйлөрдү сатып алуу маселеси каралууда.

Эскертсек, бүгүн, 28-январда, премьер-министр Чүй облусунда иш-сапары менен жүрөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД