Өкмөт Панфилов району үчүн флюографиялык жабдык сатып берет

Өкмөт Панфилов району үчүн флюографиялык жабдык сатып берүүгө сөз берди. Анын баасы миллион сомдон ашык. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин аталган районго болгон иш сапары учурунда маалым болду.

Иш сапары учурунда премьер оорукананын абалы менен таанышып, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө кызыкты.

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева 2012-жылы бул ооруканада оңдоо иштери жүргүзүлгөнүн айтып, 50 миң долларга медициналык жабдык сатылып алынганын кошумчалады. Каражатты Япония бөлүп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД