КТРКнын башкы директору өзүнө берилген сөгүшкө түшүндүрмө берүүдөн баш тартты

Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору Кубат Оторбаев КТРКнын байкоочу кеңеши тарабынан берилген сөгүшкө түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Коомдук байкоочу кеңеш 17-январда болгон жыйынында КТРКнын директору Кубат Оторбаевга "Ала-Тоо" маалымат программасында кетирилген ката үчүн сөгүш берген.

Оторбаев ошондой эле Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун КТРК бир гана үй-бүлөнүн тапшырмасын аткарып калды деген билдирүүсүнө да түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД